www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 26-ноябрда Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу тергөө изоляторун текшерип чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда 63 кишиге ылайыкташтырылган жерде 100 киши отурат. Ошол эле маалда алардын 32синен пневмония аныкталган.

Борбордун билдирүүсүндө сот 99 кишини Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын №21 тергөө абагында кармоо жөнүндө чечим чыгарганы, бирок соттук актыга карабай мекеме аларды кабыл албай жатканы белгиленген.

“Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында инфекциялык ооруга чалдыккан бейтаптарды дарылоого шарт жок. Камераларда адамдардын көптүгү - жугуштуу оорулардын кызматкерлердин жана ал жакта кармалгандардын арасында жайлышына алып келет ”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Жаза аткаруу башкы башкармалыгына, ИИМге жана Саламаттык сактоо министрлигине сунуштар жөнөтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости