www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арыктоого же жеген калорияны азайтууга камынып жаткандар үчүн илимий жактан далилденген туура азыктарды колдонууну сунуштайбыз.
Кофе ичүү
Көптөр ишенбегени менен кофенин ден соолукка байланышкан пайдалуу жактары да жок эмес. Жасалган изилдөөлөрдө кофе пептиддин (PYY) бөлүнүп чыгуусун камсыздаганы аныкталган. Пептид ичеги-карында пайда болуп, токтук сезим жараткан гормон болуп саналат. Кофенин калориясы башкаларга салыштырмалуу төмөн келип, бир эле тапта адамга энергия берүү менен өзүн ток сезүүгө жардам берет.
Белокту көбөйтүү
Белокко бай азыктарды колдонуу арыктоонун баштапкы жолу. Ошол эле мезгилде узак убакытка ток жүрүүгө өбөлгө түзөт. Бир жагынан калорияны азайтып, майларды жок кылууга жардамчы болот.
Имбирь колдонуу
Имбирдин кандагы шекерди тең салмактоочу, ашказандагы ууланууну жоготуучу, булчуң ооруларын жеңилдетүү менен ириңди токтотуучу сыяктуу ден соолукка пайдалуу болгон көптөгөн касиеттери бар. Ал эми акыркы изилдөөлөр анын ачкалыкты басууга жөндөмдүү экенин далилдеди. Ал таасирди байкоо үчүн ысык сууга бир аз имбирь кошуп, чайдай кылып ичсе болот.
Жакшы уйку
Жакшы уктап туруунун жашоодогу мааниси чоң. Бирок мунун ачкалыкты басып, арыктатуу менен байланышы бар экендигин билчү белеңиз? Жакшы уйку ачкалыкты басат. Аз уктаган адамдын табити артат, тескерисинче. Ошол себептен уйкуга жок дегенде 7-8 саат бөлүп, көңүлдү башка нерселерге бурбастан жакшы уктап турууга маани бериңиз.
Булак: NazarNews.kg