www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында (ОИИБ) "Бирдиктүү терезе" аталышындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн кошумча борборлору ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында (ОИИБ) "Бирдиктүү терезе" аталышындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн кошумча борборлору ачылды
Облус тургундарынын арасында коронавирус илдетинин жайылышына жол бербөө жана карантиндик режимди сактоо максатында Тоӊ, Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмдөрүндө жана Балыкчы шаардык милициясынын базаларында "Бирдиктүү терезе" принцибинде иштеген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн кошумча борборлору ачылды.
Эми аталган аймактардын тургундары тийиштүү иш кагаздарын алуу үчүн мурдагыдай облустун борбору Каракол шаарына келип, убарагерчилик тартышпайт.
"Бирдиктүү терезе" борборунда адамдын соттолгон-соттолбогону боюнча маалым каттарды, кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын, жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды кабыл алууга жана берүүгө лицензия, уруксат кагаздары тапшырылат", — деп айтылат билдирүүдө.
Милициядан кошумчалагандай, "Бирдиктүү терезе" принциби киргизилгенден баштап зарыл документтерди чогултуу үчүн убакыт үнөмдөлөт. Справкаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Соттолгондугу же болбосо соттолбогондугу жөнүндө маалым кат 10 жумуш күнүндө акысыз берилет.
Булак: NazarNews.kg