www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зимбабведеги Иран элчилиги АКШнын президенти Дональд Трамптын Ормуз кысыгын ачуу чакырыгына какшык түрүндө жооп кайтарды. Бул тууралуу 5-апрелде жарыяланды.

"Биз ачкычтарды жоготуп алдык", - деп билдирди элчилик социалдык тармактагы билдирүүсүндө.

Ислам Республикасынын Түштүк Африкадагы (ЖАР) дипломатиялык миссиясы бул билдирүүнү кайталап, иронияны улантты.

Эскерте кетсек, буга чейин Трамп Ирандан Ормуз кысыгын ачууну талап кылып, өлкөнүн инфраструктурасына дагы сокку урабыз деп коркуткан.

"Шейшемби күнү Ирандагы "Электр станцияларына" жана "Көпүрөсүнө" сокку урабыз. Мындайды эч качан көргөн эмессиздер!!! Кысыкты ачкыла, жинди акмактар, болбосо тозокто жашайсыңар!", - деп жазган ал Truth Social баракчасына.

Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, билдирүүдө Трамп Тегеранга өктөм кайрылып, болбосо Иран энергетикалык объектилерге жана көпүрөлөргө сокку урулаарын билдирген. Бир катар маалымат каражаттары да Америка президентинин билдирүүсүндө колдонгон кемсинтүүчү сөздөрүн белгилешкен.

Последние новости