www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Сабыр мырза, 2010-жылдын 7-арелинде да сиз эпицентрде болдуңуз да. Ошол кезде АША кантип революция кылды эле?
- Эми апрелдегисин айтайын. 6-апрелде эртең курултай эмеспи деп, даярданып, үйдө өргүп жатсам Өмүрбек Текебаев телефон чалды. Үнү каргылданып, “Сабыр, досум, мени камаганы алып кетип жатышат, үйүмө “Альфанын” аскерлери келиптир...”, дегенге араң үлгүрдү. Аңгыча, а кездеги “Учур” азыркы “Азия ньюс” гезитинин редактору Аслан Сартбаев телефон чалып калды. “Алмазбек Атамбаевдин үйүн спецназ курчоого алып, камаганы жатыптыр” дейт. Аслан Сартбаев машинасы менен келе калып, экөөбүз экс-президенттин Горький көчөсүндөгү переулоктогу үйүнө жетип бардык. Спецназ жардамга келген элди жолотпой Горький көчөсүндө тосуп атыптыр. Жөөлөшүп өтүп барсак дарбазанын алдында эки бөлөк тизилген спецназ, баары куралчан, маскачан, “Атамбаев үйдөн чыксын, повестка бар, суракка алып барабыз” деп, короого кире элек экен. Тротуарда Токтайым Үмөталиева, Назгүл Мамытова, Кара дуба (Мелис Карыбеков...) ж.б. бир топ журналистер менен укук коргоочулар спецназ менен айтышып, жакалашып, тирешип туруптур. Кийин Кара дуба “спецназ катуу токмоктоп кетти” деп жүрүп эле кара джип минип калды. “АШАнын командасына кошкону үчүн Сарпашев джип алып бериптир” деп, журналистер айтып жүрүштү. Кийинчереек, корого кирип, чыгып атып бул топко Жылдыз Мусабекованын келип кошулганын көргөм. Короодо сары Болот (Болот Сүйүнбаев азыркы КГБнын замы), дагы бир жан сакчы жүрүптүр. Үйдүн ичинде, Кодуранова, Скрипкина, Карамушкина, Кубат Оторбаевдер бар экен. Эшик ачылганда Аслан Сартбаев үйгө кирип, Болот Сүйүнбаев сыртка чыкты. Мен, “Болот, болбой калды, ушуну менен токтосок бүттү! Кул болобуз! Келе автоматыңды бер, андан көрө атышып, эркекче өлөлү!” деп куралына жабыштым! Болот “байке, булар көп, бөөдө өлүм керек эмес, точка койбойлу, шанс калыш керек” дегенсиген сөздөрду айтып курал бербей койду. Спецназдын башчысы Алмаз Жолдошалиев үйгө эки, үч ирет кирип, тынч, алар менен суракка барууну сунуштап жатты. Акыры спецназ короого жөөлөп кирип, болгарка менен эшиктин айлампасын тилип Алмазды алып кетти. Эртеси, элдик көтөрүлүштүн аркасында бошогондон кийин ошол түңкү окуя тууралуу сүйлөшсөк, “зато мен убакытты чойуп атып, семьямды коопсуз жакка жайгаштырганга үлгүрдүм” деп АШАңар тыржайгандан башка кеп айта алган эмес. Ошо түнкү коогалаңды тартып, интернетке чыгарган Аслан Сартбаев мага, “байке, коркконунан шымына сийип салыптыр, спортивка шым кара көк экен жакшылап тартсам да суу экени көрүнбөй, видеого чыкпай койду” деп айтканы бар. Ошо түнү камакка алынган Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) жетекчилеринин баарын УКМКга алып барып, анан АШАны (“митингге акча берет, премьер кылганыбызга карабай сатып кетти” деп Бакиевдер жек көргөндөн улам) Бишкек УВДнын камагына алып барганы белгилүү. “Караларга салып бергени жатышат го?” деп шекшиген АША эшикти каккылап, улуп- уңшуп, өкүрүп-бакырганын. Ал жакта да “шымын булгап” таң аткыча ыйлап чыкканын милиционерлер кийин УВДга башчы болгон Туратбек Мадылбековго айтып берип жатканда өз кулагым менен уккам. Андыктан Путин экөөң ишенсеңер да, анын баатырлыгына мен ишенбейм, “ал эч кандай революция жасаган эмес, бирок революциянын жемиштерин ой-да пайдаланды десеңер” мен кошулам.
Булак: Майдан.кж