www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Азаттыктын» орус кызматы билдиргендей, Кемерово шаарында жайгашкан "Зимняя вишня" соода борборунда өрт 25-мартта болду.
Андан төрт бала каза таап, тогуз киши жаракат алып ооруканага жаткырылды. Алардын экөө балдар. Жабыркагандардын бири өзүн куткарам деп үчүнчү кабаттан секирип кеткен.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, аталган соода борборунун кинотеатр жана балдар аянтчалары жайгашкан төртүнчү кабатынан чыккан. Себеби азырынча белгисиз. Аны өчүрүү иштери уланып жатат. Имараттан 200дөй киши чыгарылганы кабарланды.
Орусиянын Тергөө комитети киши өмүрүн алган өрт боюнча кылмыш ишин козгоду.
Булак: "azattyk.org"