www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашыкча арак ичкендин эртеси күнү баш оорутуп, баш жаздырбаган синтетикалык алкоголдук ичимдикти alcosynth затынын негизинде британ психиатры Дэвид Натт (David Nutt) жасады.

Ал Лондондогу Империялык колледждин (The Imperial College) нейропсихофармакология боюнча профессору, британ өкмөтүнүн наркосаясат боюнча мурдагы кеңешчиси. Жаңы ичимдик даамы жагынан кадимки алкоголдук ичимдиктен айрымаланбайт, бирок жүрөккө жана боорго арактай зыяндуу эмес. Аны ичкенде ооз кургап, баш айланбайт жана эртеси баш оорубайт. Аlcosynth синтетикалык ичимдиги организмге жакшы сиңет, аны ичкенде адам айыктырууга татаал жана өмүргө кооптуу боор, жүрөк оорууларына кабылбайт деп түшүндүргөн Натт Британиядагы Адам Смит институ (Adam Smith Institute) жарыялаган макалада.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости