www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында жер кыртышындагы суунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш-чаралар уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, шаардын Октябрдын 70 жылдыгы, Родниковая, Охотничая көчөлөрүндө ачык типтеги коллектордук дренажды тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Москва районунан бир экскаватор жана Токмок шаардык 21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн үч адам тартылган тазалоо иш-чаралары бүгүн да уланууда.

Эске салсак, 24-декабрда Токмок шаарынын Саадаев көчөсүндөгү үч көпүрө алынып, жалпысынан 450 метр жана Жаантаев көчөсүндө 520 метр аралыкта дренаждык түйүндөрдү тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Мындан башка бир катар көчөдө арыктардын боюндагы бактар кыйылган.

19-декабрда Токмок шаарынын жана Чүй районунун айрым айылдарында жер кыртышындагы суунун деңгээли көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу Токмок шаарында жана Чүй районунун аймагында “өзгөчө кырдаал” тартиби киргизилген.

Жалпы тазаланган дренаждын узундугу 200 метр.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости