www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бизнеске байланышкан депутаттар сүйлөп, добуш бергенден коркушат. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Бүгүн парламентте ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.
Эл өкүлү экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбековадан ишкерлерди мыйзамсыз текшерүүдөн коргоо боюнча мыйзам долбоорунда кандай кепилдиктер камтылганын сурады.
"Бизде жакшы мыйзамдар бар, алар эл аралык стандарттарга жооп берет. Бирок алар иштебейт. Билесизби, эмнеге бизнеске байланышкан же алардын туугандары ишкердик менен алектенген депутаттар бул жерде титиреп отурушат? Анткени түшкү тамакка чейин сөз сүйлөсө, түштөн кийин дароо текшерүү келет. Депутатка тиешеси бар чарбалык субъекттер анын сүйлөгөнү үчүн, үнү үчүн текшерилип жатат», - деди Адахан Мадумаров.
Экономика министринин орун басары мыйзам долбоорунда ишкерлерди текшерүүнүн принциптери көрсөтүлгөнүн айтты.
Булак: NazarNews.kg