www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомчулукта Жогорку Кеңеш тууралуу күбүр-шыбыр кеп жүрүп жатат. Ак үй менен Көк үйдөгүлөрдүн интригаларына баам салсак, келе жаткан жаңы жыл саясий окуяларга өтө бай болооруна окшоп калды.
Февраль айында Жогорку Кеңеш тарап, жазда кайра шайлоо менен алектенчүдөйбүз. Ошону менен жазда элдин бийликке болгон нааразычылыгын шайлоонун шылтоосу менен алаксытышат окшойт.
Антпесе, нааразычылык пикирлер күч алды. Кымбатчылык, экономикалык кризис карапайым элдин жонунан кайыш тилип жатканы чындык. Кадр саясаты деле анчейин жакшы болбой жатат.
Президентибиз Садыр Жапаровдун мамлекетти өнүктүрүүдө ой-максаттары жакшы болгону менен жанында Акаев, Бакиев, Жээнбеков, Атамбаевдин башын жуткан саткындардын кылчактап кызмат кылып жүргөнүн унутпаса экен. Алар 30 жылдан бери келген бийликтин койнуна түлкү болуп кирип, жылаан болуп чыкканын жалпы журт билет эмеспи.
Кандай болгон күндө да тынчтык болсун...
Булак: NazarNews.kg