www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык миллиардер Илон Маск Twitterдин башкы директору кызматынан кетүүгө даяр экенин билдирди. Бирок адегенде ал мураскерди табууну пландап жатат, деп жазат CNN.
Ал шейшемби күнү кечинде социалдык тармактын жетекчиси кызматынан кетүү боюнча сурамжылоонун жыйынтыгын талкуулап жатып, өзүнүн кетээрин билдирди. Ишкер "бул жумушка келе тургандай келесоо адам" табылар замат кызматтан кетерин айтты.
Башкы директор кызматынан кеткенден кийин Маск Twitterдин программалык топторун жана серверлерин башкарууну пландаштырууда. Бул анын компаниянын чечимдерине олуттуу таасирин тийгизе берерин көрсөтүп турушу мүмкүн деп белгилешти ММКлар.
Эске салсак, Маск 18-декабрда өзүнүн Twitter баракчасында сурамжылоо жүргүзүп, анда колдонуучулар компаниянын башында бизнесмен калышы керекпи же жокпу деп добуш беришти. Сурамжылоого катышкандардын 57,5% Масктын кетишине, 42,5%ы бул чечимге каршы добуш беришти.
Булак: NazarNews.kg