www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандын Забул провинциясында белгисиз оорунун очогу байкалды. Бул тууралуу The Khaama агенттиги жергиликтүү саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Абдул Хаким Хакимиге шилтеме берүү менен билдирди.
Хакиминин айтымында, бул илдетке чалдыккандардын саны 80ден ашты. Эки бала каза болду.
Анын айтымында, оору облустун чыгышында жайгашкан Шахжой районунда аныкталган. Оорунун негизги белгилери - дене табынын көтөрүлүшү, мурундан жана ооздон кан агуу. Бирок, дарыгерлер инфекциянын так аныктамасын бере албай жатышат.
Май айында ошол эле провинцияда кеминде 200 адам белгисиз жугуштуу ооруга чалдыкканы аныкталган. Ондогон бейтаптар ооруканага жаткырылып, анда дарыгерлер оорунун белгилерин холера менен салыштырышкан.
Булак: NazarNews.kg