www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңеште башкы прокурордун Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү өтүнүчү каралат.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын катчылыгынын социалдык тармактагы баракчасында башкы прокурордун Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү өтүнүчүн караган депутаттык комиссия өз ишин бүтүргөнү, депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул болгону тууралуу маалымат жарыяланган.

Бирок кийинчерээк «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын катчылыгынын өкүлү Азамат Жусупбаев Жогорку Кеңештин комиссиясы А.Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Анын айтымында, мындай маалымат жарыяланган баракча жасалма (фейк) болуп эсептелет.

Мадумаров бул маселе боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Бул силер үчүн жаңылыкпы? Бул күтүлгөн чечим. Исхак Абсаматович кечээ парламент кандай добуш берерин так айтты. Көрөбүз. Абдан шашып жатышат», - деди Мадумаров депутаттык комиссиянын чечими жана иши боюнча.

- Парламент депутаттык комиссиянын чечимин колдойт деп ойлойсузбу?

- Бул мамлекетте азыркы учурда божомолдоо мүмкүн эмес.

- Депутаттар менен сүйлөштүңүзбү?

- Мен өзүм үчүн сүйлөшүү жүргүзбөйм. Мен үчүн кесиптештерим боюнча сүйлөшүү жүргүзүү жеңил. Адам өзү үчүн сүйлөшүү жүргүзгөнү туура эмес. Мен депутаттарга эмес, өзүбүздүн фракциянын мүчөлөрүнө бир ооз сөз айткан жокмун. Бул абийирдин, намыстын маселеси. Ак менен кара көрүнүп эле турат. Мамлекеттик иштерди чечип жаткан адамдарга бул ак кагаз, бул кара кагаз деп айтуунун кажети жок.

- Сизге кандайдыр бир сунуштар түштүбү?

- Кесиптештер менин мүнөзүмдү абдан жакшы билишет. Мени менен сүйлөшүү, макулдашуу мүмкүн эмес.

- Депутаттар кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бергенден кийин сизди дароо кармашабы?

- Кандай буйрук түшсө, ошондой кылышат. Биз мыйзам эмес, түшүнүк менен жашаган өлкөбүз. Бир адамга башкача, бир адамга башкача мамиле жасалат.

- Биринчисинде кесиптештериңиз сизди колдоп беришкен эле...

- Былтыр ушул сунушту кылдат иликтеп, депутаттар бир добуштан каршы добуш беришкен. Ошол комиссиянын ишине күмөн кылуу этикага туура келбей калат. Бул комиссияны билбейм, балким андан да акылдуураак, кесипкөйлүүдүр. Бир жыл ичинде эмне өзгөрдү — бул чоң суроо.

- Чечимден кийин кандай кадамдарга барасыз?

- Менин кадамым түбөлүктүү бирдей кадам — Конституциялык тартип. Ошол эле кадам. Ушул жерде күбө болуп отурасыңар, кээ бир кесиптештеримдин аттарын да билбейм. Мен сындасам мыйзамды сындайм, Конституциянын талаптарын аткарбай жатасыңар деп сындайм. Ушул жерде отурган 89 депутаттын биринин да атын атап, жаман сөз айткан эмесмин. Бирок кесиптештеримди көрүп жатасыңар, дайыма атырылганда Адахан Мадумаров деп турушат. Эмнеге? Өзүңөр түшүнөсүңөр да... Мыйзам боюнча, Конституция боюнча канчалык талашсам, адам тескерисинче ошончолук рахат алат. Адам талаштардан, тартыштардан өсөт. Бирок мыйзамдын тегерегинде талаш жок да, жеке инсандын тегерегиндеги талаш — бул Мадумаровдун мүнөзүнө, баскан-турганына, сунуштарына... Бул эми биздин бүгүнкү күндөгү саясий деңгээлибиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости