www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров өзү жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын активдүү мүчөсү Динара Чолпонованын Кыргызстандын Орусияга кошулушу тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди.
Ал белгилегендей, бул Динара Чолпонованын жеке пикири.
«Бир кыздын сөзүн УКМКнын, Жогорку Кеңештин трибунасына чейин көтөрүп атып жатасыңар. Бул азыркы бийликти уят. Бул жигиттин «кожоюну» болуп турган жигит айтты эле 7 облусту өнүккөн жети мамлекетке бөлүп берип коюушубуз керек деп. Аларга эмне баа бербейсиңер. Ал кыз бир байкуш нечен жылдан бери ошол жерде иштеп, бала-чакасын багып жаткан. Эмне үчүн ага мынчалык ашык болуп жатасың? Бул анын эркин, жеке пикири экен», — деди Мадумаров.
Эске салсак, 2019-жылы азыркы Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты болуп туруп Кыргызстандын ар бир облусун ири мамлекеттерге, анын ичинде Орусияга өнүктүрүү үчүн берүүнү сунушун айткан.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсүнүн орусиялык басылмалардын бирине берген интервьюсу мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө доо кетирген чагымчыл маанайда экенин билдирет. Бул тууралуу Азаттык атайын кызматтын басма сөз кызматына таянып билдирет.
Буга чейин УКМК маалымат таратып, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсүнүн орусиялык басылмалардын бирине берген интервьюсу мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө доо кетирген чагымчыл маанайда экенин билдирген.
Маалыматта айтылгандай, 25-майда russkie.org сайтында “Донбасска гуманитардык жардам ар түрдүү улуттарды бириктирди” деген макала жарыяланган. Анда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Украинага гуманитардык жардам көрсөткөнү тууралуу кеп болот.
Атайын кызмат «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын активдүү мүчөсү Динара Чолпонова «Карапайым эл: Путин бизди – Кыргызстанды өзүнө, Орусияга алып кетсин. Анткени орус президенти өз элине кам көрөт. Анан калса Орусияда орустар гана эмес, ошол эле сибирдик кыргыздар, якуттар, буряттар жана башка көптөгөн улуттар – баары тынч жашайт, анткени бул алардын үйү», — деп айтканын мисал келтирген. УКМК мындай билдирүү кыргыз бийлигинин расмий позициясына жана ага ылайык бүтүндөй Кыргызстандын элинин пикирине толугу менен каршы келерин белгилеген.
Булак: NazarNews.kg