www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКны сотко берет. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда ал маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзамсыз чечимине сот аркылуу даттануу конституциялык укук болуп саналат жана саясий уюм аны колдонот.
Ал партия 10 жылдан бери чыдап келгенин кошумчалады. «Бирок, белгилүү болгондой, биздин өлкөдө укукту мыйзамдуу жол менен коргоо кыйын. Эл кандай чечим кабыл алат, мен эл менен биргеликте өз укуктарыбыз үчүн күрөшөбүз ”, – деди Адахан Мадумаров.
Маалымат жыйындын дагы бир катышуучусу Өмүрбек Суваналиев партиянын жарыштан чыгуу саясий буйрук деп билдирди. “Бүтүн Кыргызстанды” парламентке өткөрбөй турганы айдан ачык болду.
Мунун алдында БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүгү “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоого каршы добуш беришти.
Булак: NazarNews.kg