www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казарманда жол кырсыгынан 8 адам каза болду

Жалал-Абад облусунда 2020-жылдын 4-сентябрь күнү саат 09:00 чамасында Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Тагай тилкесинде “Ауди А6” үлгүсүндөгү унаасы менен “ХОВО” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болгон, 6 эркек, 2 аял (аты-жөндөрү такталууда). Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Жерине Тогуз-Торо райондук №46 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости