www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоодо вирус жуктуруп албоо боюнча план иштелип чыгат

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрүп, шайлоо комиссияларына шайлоону уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөктөштү. Бул тууралуу  министрликтин Маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Вице-премьер-министр белгилегендей, буга чейин Коопсуздук Кеңешинин жыйыны болгон. Анда шайлоого даярдыктар талкууланды. Чечим кабыл алынып, ага ылайык, 10-сентябрга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгып, бекитилиши керек.

“2020-жылдын 15-сентябрына чейин БШК, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте кыргызстандыктардын, шайлоо органдарынын кызматкерлеринин жана шайлоо процессине катышкан башка адамдардын коронавирус инфекциясы жана пневмония илдетинин жугушун алдын алуу планын иштеп чыгуу жана бекитүү керек. Муну менен катар шайлоо күнү шайлоо участкаларына барууда,  добуш берүү күнү тийиштүү эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу керек ”, - деп баса белгиледи Акрам Мадумаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости