www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүү башталды

"Жалпы иш" деп аталган коомдук фонддун 116 байкоочусу өлкө аймактарында парламенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн уюштурулуусуна байкоо жүргүзөт.Фонддон маалымдашкандай, алар добуш берүүнүн жүрүшүнө да, соңунда шайлоодон кийинки кырдаалга да көз салышат. Байкоонун жүрүшүндө шайлоо комиссияларынын түзүлүшүнөн тартып, ишмердүүлүгүнө чейин көз салышат.

Мындан тышкары шайлоочулардын тизмеси, өнөктүктүн чагылдырылышына да байкоо жүргүзүшөт. Саясий партиялардын өкүлдөрүнүн иши, үгүттүн жүрүшү, мыйзамдуулуктун сакталышы да байкоочулардын көзөмөлүндө болот. Алар көргөн-билгендерин жазып, жума сайын фонддун эксперттик бөлүмүнө жиберип турушат. Бөлүм маалыматтарды иликтейт.

"Жалпы иш" коомдук фонду шайлоо комиссияларын, саясий партияларды жана жарандарды байкоочулардын ишине жолтоо болбоого, зарыл болгонун учурда көмөктөшүүгө чакырып, алардын максаты жалпы өлкөдө ачык, таза шайлоону камсыздоо экенин эскертти.

Шайлоо өнөктүгүнө байкоолор ЮСАИДдин колдоосу менен "Кыргызстандагы парламенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага катышуу укугун 15 саясий партия алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости