www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн штабында журналисттерди кабыл алганда билдирди. Бул тууралуу ring.kg жазып чыкты.
--“Кайдагы кызмат, эгерде биз Конституцияны тебелеп-тепсеп жатсак. “Мадумаровго кызмат сунуштаса болобу” деп дайыма сурай бересиздер. Мен кызматтын кулу эмесмин, менин кызматка мурдум бүткөн жок. Жергиликтүү журналисттерди “кызмат сунуштаса барасызбы?” деген суроо кызыктыра берет. Ооба, туура сурагыла. Биз Конституциялык мыйзам талаасына келгиле деп жатабыз”, – деп жооп берди.
Эске сала кетсек, 10-январда республикада кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өттү. Өлкө аймагындагы бардык шайлоо тилкелери жабылып, шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары берилди.