www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкер Курсан Асанов 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктаган референдумдун жыйынтыгы менен макул эмес экенин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Анын пикиринде, добуш берүүнүн натыйжасы бурмаланган.

«Санын айта албайм, бирок жок дегенде Ош шаарынан көп добуш алышыбыз керек эле. Ал жерде болгону 309 добуш дейт. Кайсы бир жеринде эки добуш дейт. Андай болбойт.

Ошондой эле, Чүй облусунан, Бишкек шаарынан дагы атайлап бурмалоо, кээ бир талапкерлердин атайлап деңгээлин түшүрүү. Ошондуктан, мен шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмесмин. Көптөгөн мыйзам бузуулар болуп жатат.

Мен мурда да айтып келгем. Азыр да чындык үчүн мыйзамдүү түрдө сөзсүз күрөшөбүз. Баары мыйзамдын негизинде болот».

Бул боюнча президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектеген вице-премьер-министр Максат Мамытканов 10-январдагы маалымат жыйында добуш сатуу же сатып алуу, бурмалоо болгон жок, шайлоо таза өттү деп билдирген болчу.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, Курсан Асанов 0,5% добуш алды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости