www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев жетектеген «Нур Отан» партиясы парламенттин төмөнкү палатасына өткөн шайлоодо жеңишке жетишти. Бул тууралуу «Коомдук пикир» институту жүргүзгөн экзит-полдун жыйынтыгында айтылат.

Маалыматка ылайык, башкаруучу партия шайлоочулардын 70% көбүнүн добушуна ээ болгон. Мындан тышкары парламентке дагы эки партия – «Ак жол» менен Казакстандын калк партиясы өтөт. Бул партиялар бийликти жактайт жана мажилистин азыркы курамында да бар.

Шайлоого катышкан калган эки партия мандатка ээ боло албай калды. Расмий маалымат боюнча шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 63% катышты.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-январда Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасы эсептелген мажилистин жана бардык деңгээлдеги маслихаттардын (жергиликтүү кеңеш) депутаттарын шайлоо өткөн.

Шайлоого өлкөдөгү алты саясий партиянын бешөө катышкан: «Казакстандын элдик партиясы», «Нур Отан», «Ауыл», «Ак жол» жана «Адал».

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости