www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Таарынычтарды унутуп, келечекке чогуу кадам таштайлы. Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктайм”,- дейт ЖК депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Фейсбук баракчасында.

Депутаттын айтымына караганда , шайлоо – бул жарандык согушка барабар нерсе, тарапташтары да, каршылаштары да бар. Бирок, шайлоо бүткөндөн кийин каршылаштар бир тарапка өтүп, бир позицияны тутунушат.

Ошондой эле, Дастан Бекешев буга чейин кандай таарынчтыктар бар болсо, баарын унутуп, биргеликте алдыга умтулууну сунуштоо менен бирге, буга чейин критика жаадырып келген Садыр Жапаровду президенттик шайлоодо утуп чыгышы менен куттуктады.

“Эми биз ар бир майда-чүйдө көйгөй менен Сизге гана кайрылып турабыз. Конституция кабыл алына элек болсо да, сиз жонуңузга абдан оор жүк аркалап алдыңыз. Эң башкысы, ошол жүктү белиңиз бүгүлбөй көтөрүп кетсеңиз эле болду”, - дейт Бекешев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости