www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров парламент төрагалыгына талапкер болууну карап көрөт. Бул тууралуу ал "Азаттыктын" төрагалыкка талапкерлигиңизди коёсузбу деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Аны карап көрөбүз. Төрага деген мансап болбош керек. Төрага деген Жогорку Кеңештин кадыр-баркын, даражасын өлкө ичинде гана эмес, чет мамлекеттерде дагы жеткиликтүү деңгээлде көрсөтө алчу инсандын болушу жалпы өлкө үчүн пайда алып келет".
Мадумаровдун айтымында, парламентке келген депутаттар эл алдында берген убадасына турса бийлик сүрөгөн талапкерди шайлабайт.
Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтөт. Ушул эле күнү төрага шайланат деп күтүлүүдө. Азыркы учурда төрагалыкка Талант Мамытов жалгыз талапкер болууда.
Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалды.
28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот.
Булак: NazarNews.kg