www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз убагында проектерди, сунуштарды айтып, ошону негиздеп туруп дүйнөлүк фонддорго берсек, Кыргызстан көп маселени чечип койсо болот. Бул тууралуу отун-энергетика боюнча мамлекеттик органдардын коомдук кеңешинин төрагасы Асейин Аракеев NazarNews маалымат агенттигинде болгон маегинде билдирди.
--Келе жаткан жылды БУУ Кыргызстандын сунушу менен “Тоо жылы” деп жарыялады. Мурда дагы Акаевдин учурунда бир жолу тоо жылы болуп жарыяланган. Сиз болсо отун энергетика боюнча иштейсиз. Кара-Кече боюнча көп долбоорлорду даярдагансыз. Экология жагынан бул тоо жылдарында кандай болот?
-Бул эми аябай кызыктуу темалардын бири болуп жатат. Биринчиден президентибиз Глазгого барып катышып, өзүнүн сунуштарын айтып, андан кийин БУУга дагы өзүнүн сунуштарын айткан. Мына эми эмки жылы Кыргызстандын сунушу менен “Тоо жылы” болду. Бул жерде бизге тиешелүү маселелердин баарысын ушунун шылтоосу менен чечип алганга аракет кылыш керек.
--Кыргызстанга дүйнөлүк фонддор жардам бере алабы?
-Жардам берет. Муну өзүнчө бир караш керек. Президент башын баштагандан кийин чала өлтүргөн жылаандай кылбай колунан келе турган кишилерди чакырып, кеңешип бизге келген жыйындан бир жыйынтык чыгарыш керек. Биз убагында проектерди, сунуштарды айтып, ошону негиздеп туруп берсек, Кыргызстан көп маселени чечип койсо болот. Ошол эле БУУнун алдындагы программалар бар, мисалы ЮНИДО Австрияда, Венада турат. Мен убагында 94-жылы ошолор менен иштешип калганмын, алар көп каражат бербесе дагы локальный региондордогу мсаселелерди чечкенге алардын түздөн-түз мүмкүнчүлүгү бар.
Булак: NazarNews.kg