www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда «адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр» деген таамай айтылган макал бар. Мына жакында Төрөбай Зулпукаров кызын узатып Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык кылып дүркүрөтө той берди.

Кызыгы дал ушул Төрөбай мырза ашыкча ыгым-чыгымды тыюу боюнча мыйзам жазып чуркап жүргөн. Эми минтип баарына тескери үлгү көрсөтүп жатканына эмне дешти билбейсиң. Анан дагы беш маал намаз окуп, ырчы-чоорчуларды такыба катары анчейин жактырбаган неме, кызынын тоюнда короо-короо ырчыларды чакырып, оюн-зоок кылып жибергенин көргөндөрдүн баштары маң эле болду.

Демек, молдонун айтканын ук, кылганын кылба деген ушул тура. Учурда президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун этегине бекинип алып, көшөгө артында кадр саясатына кызуу аралышып, көрүнгөн жерге мурдун тыгып жатканы да айтылууда. Кудай деген адам алды артын карап иш кылса жарашмак...

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости