www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Жогорку сотко арыз жолдонот.

Адвокат Нурбек Токтакунов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 10-августта Бишкек шаардык сотунун чечими колго тийиши керек. Анын негизинде Жогорку сотко арыз даярдалат.

Бишкек шаардык соту 9-августта Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган.

Биринчи май райондук соту 31-июлда тергөөнүн өтүнүчү менен анын абактагы мөөнөтүн 5-октябрга чейин узарткан эле.

Адвокат "Сапар Исаковду камакка алуу мыйзамсыз болгон" деп, анын абактагы мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу кассациялык арыз менен шаардык сотко даттанган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости