www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында бирөөнү бычактап, издөөдө жүргөн Токмок шаарынын КСДПчы депутаты Тынай Жансейитовдун атасы Каныбек мыйзамсыз паспорт берүү боюнча айыпталган. Ушундай кабарды тараткан ИИМдин маалыматы боюнча, бул ишти башында Токмок ИИБи иликтеген, кийин Бишкек ШИИБне өткөрүп беришкен. Иликтөөгө ИИМ адистери да кошулган. Каныбек Жансейитовду СИЗО-1ге жөнөтүшүп, бирок кийин бөгөт чарасын өзгөртүшкөн. Бирок иш кыскарган эмес.
Депутат Тынай Жансейитовго КР УКнын “Адам өлтүрүүгө кол салуу” беренеси менен сыртынан айып тагып, камакка алуу бөгөт чарасын тандашкан. Бирок, депутаттын жактоочусу Дарина Тезекбаева ишти ойлоп чыгарышканын, күбөлөр окуя болгон жерде болбогондуктан, алардын көрсөтмөлөрү жасалма экенин билдирет.
Тынай Жансейитовдун жайгашкан жери аныкталган эмес. Айрым маалыматтарда, Токмок шаарынын мал базарындагы окуядан кийин эле өлкөдөн чыгып кеткен. Чүй облустук ИИБи шектүүгө эл аралык издөө жарыялоо үчүн материалдарды даярдоодо.
Булак: NazarNews.kg