www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң класстагы балдар менен сүйлөшүп баштаганда, бул күнөөсүз романы 13 жашында кош бойлуу калышына себеп болушу оюна да келген эмес. Бул жөнүндө билгенде, ата-энесинен жашырууга аракет кылган. Бирок, жарым жыл убакыт өтүп-өтпөй, кош бойлуулуктан баары кабардар болушат.

Кыз ата-энесинин тепкисинен аябай корккон, бактыга жараша ата-энеси бул көрүнүштү түшүнүү менен кабыл алышкан жана кызына колдоо көрсөтүшкөн. Апасы кечээ эле сен наристе болчусун, ошондуктан мен али кичиекей бөбөктү кантип карашты унута элекмин, коркпой эле кой деп тамашалап да алган.

Үйдөгүлөрү колдоо көрсөтүшкөнү менен, мектептеги мугалимдери, классташтары кызды келекелеп, аны тозокко түшкөндөй абалда калтырышкан. Алардын шылдыңдоолоруна карабай, Кейт аягына чейин окуусун улантууну чечкен. Бүтүрүү кечесине атайын тигилерге өчөшүп баласы менен келген. Мугалимдер жана жетекчилик каршы чыгышып, ага наристеси менен кирүүгө руксат беришкен эмес.

Кейтти алдыда колледж күтүп турган учуру. Ал эми мектептеги көңүлдү ооруткан окуялар артта калды. Мындан аркы жашоосуна ийгилик!

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости