www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сен өлгөн жоксуң...

Кыргыз үчүн жалындап күйүп турдуң,

Жарык чачып күн болуп тийип турдуң.

Чындык үчүн чыркырап жалгыз өзүң,

Парламенттен, соттордон бийик турдуң!

 

Чындык үчүн күрөштү баштап кеттиң,

Чымын жаның чыркырап какшап кеттиң.

Чындык жанып от болуп тутансын деп,

Дүрт эттирчү учкунду таштап кеттиң.

 

Акыйкатсыз жашоого көнгөн жоксуң,

Чындыгы жок келечек көргөн жоксуң.

Акыйкаттын символу болуп калдың,

Сен өлбөдүң.., Уланбек...өлгөн жоксуң,

Маматкадыр. 26.07.18.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости