www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди Кытайдын түзүлгөн күнүнүн 69 жылдыгына байланыштуу куттуктады.

«Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүнүн 69 жылдыгына байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыӊыз.

Кытай өлкөнү гүлдөтүү жана кытай элинин турмушун жакшыртуу үчүн реформаларды ырааттуу ишке ашырып,   ар тараптан өнүгүү жолунда келе жатат. Бул иште, албетте, Сиздин эмгегиңиз абдан зор.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу маселелердин  кеӊири  спектрин  Сиз менен талкуулоого мүмкүнчүлүк түзгөн ушул жылдын июнь айында Кытайга жасаган мамлекеттик сапарымды жылуу сезим менен эстейм.

Сиздин көңүл бөлүп, колдооӊуз аркасында Кытайга жасаган ошол иш сапарда  өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилени көп тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгара алдык.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара мамиле Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин кызыкчылыгы үчүн кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүндө мындан ары да ырааттуу бекемделет деп ишенем.

Сизге бекем ден-соолук, мамлекеттик жооптуу кызматыңызда ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги кытай элине гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп белгиленет Мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости