Адамдарга ок ачкан аскер атайын атып өлтүрүлдү
Дүйнө жүзүндө  |   |  2786

Кечээ, 8-февраль күнү Таиландда Накхон Ратчасима армия капралы жөнөкөй жарандарга ок атып, 17 киши атып өлтүргөн. Бул тууралуу маалыматты Тайландын tna.mcot.net/ басылмасы жазып чыккан. 

Учурда каза болгондордун саны 25 адамга жетип, 60тан ашуун адам жараат алган.

Жакрапант Тхомма аттуу аскер алгач үч аскерди атып өлтүрүп, шаардын ичинде кезиккен адамды атып кете берген.

Ал эми ок ачкан аскер атайын операциянын жүрүшүндө атып өлтүрүлдү. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз.

Булак: NazarNews.kg  

Поделитесь с друзьями