www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда болгон бороондо 5 киши каза болду

АКШнын түштүк чыгышында катуу болгон бороон жана ыңгайсыз аба шарттарынан улам 5 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Жетекчилер түштүк  - чыгыш аймактарында катуу болгон бороондон улам 150 миң үй жана иш жерине электрдин бериле албагандыгын билдиришти.

Алабама, Каролина жана Теннессиде  бороон себеп болгон кырсыктарда 5 кишинин каза болгондугун билдирген жетекчилер Миссисипи жана Алабамада көп сандаган үйдүн зыян тарткандыгын, Теннесси жана Кентукиде болсо сел жана жер көчкүнүн болгондугун айтышты.

Улуттук аба ырайы борборунан берилген маалыматта бороондун Ортоңку Атлантика аймагында күчөгөндүгү жана аймакта кээ кээде кар жана ашыкча жамгыр жаагындыгын билдиришти.

Виржиния губернатору Ральф Нортам да катуу жамгыр жаашы жана суу ташкындарынан улам аймакта өзгөчө кырдаал жарыялангандыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости