www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында Афганистандан совет аскеринин чектелген контингентин чыгаруу күнүнө жана Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата волейбол боюнча турнир өттү. Бул тууралуу ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Турнирге Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын, Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана аскер институтунун 40 жаштан жогорку курактагы курама командалары катышты.

Турнирдин негизги максаты болуп дени сак жашоого үндөө, Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн аскер кызматкерлеринин арасында достук мамилени бекемдөө эсептелет.

Аталган турнирдин жыйынтыгы менен 1-орунду Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын, 2-орунду Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын, 3-орунду Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын курама командасы ээледи. Волейбол боюнча турнир жеңүүчүлөргө Кубокторду, Ардак грамоталарды, дипломдорду тапшыруу салтанаттуу иш-чара менен жыйынтыкталды.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости