www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Казакстандан өткөндөрдү бул жактагы туугандары, тааныштары тосуп, алып кетип жатышат. Учурда милиция кызматкерлери келгендердин санын тактап жатышат. Биз жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз”-деди Чоткараев.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдары канча адам өткөнүн жарыялай элек. Бирок өкмөттөгү ишенимдүү булактар акыркы бир суткада Казакстандан Кыргызстанга 4500дөн ашык адам өткөнүн кабарлашкан.

Эске сала кетсек, 8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан сегиз адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Бир топ турак үй, имараттар өрттөлгөн.

Ал эми учурдагы такталган маалыматтар боюнча жаңжалдан каза болгондордун саны 10го жетти.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир нече айылдын тургундары ортосундагы жапырт мушташты чагымчылдар колдонуп кеткенин белгилеген. Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт.

Казакстандын вице-премьери Бердибек Сапарбаев президенттин тапшырмасы менен 7-февралдан 8-февралга караган түнү болгон окуяга байланыштуу Кордай районунун Масанчи айылына келип, жабыркагандар менен жеринен таанышты.

12 адам ооруканага жаткырылып, 20 адам жеңил жаракат алган. Аны менен бирге эле 127 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, 84 адам текшерүүдөн кийин үйүнө жиберилген.  

Мындан улам чатак этникалык мүнөздө экени айтылууда. Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы тарабында жайгашкан. Буга байланыштуу Кыргызстандын Чек ара кызматы Казакстан менен чек арадагы бекеттердин ишин күчөтүлгөн тартипке өткөргөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости