www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамдардын баары бирдей...

Аудиторияда студенттер толтура эле. Сырттан чоң сумкасын көтөргөн, чачтары ирээтсиз таралган психология сабагынан берген мугалим кирип келип, чөнтөгүндөгү 100 долларды студенттерге көрсөтүп: "Муну ким каалайт?", - деди. Студенттердин бардыгы колдорун көтөрүштү. Андан кийин акчаны колу менен бырыштырып: "ким каалайт?", - деди. Студенттердин бардыгы колдорун көтөрүштү.
Андан кийин акчаны жерге таштап, буту менен тепсеп: "ким каалайт?" - деди. Студенттер кайрадан колдорун көтөрүштү. Мугалим студенттерге: "Бул бүгүнкү сабагыңар!"- деди.

"Акчаны колу менен бырыштырса да, буту менен тепселесе да акча өз баалуулугун жоготкон жок. Ошондуктан, адамдар сени канчалык басынтышса да, кемсинтишсе да, сени канчалык шылдыңдашса да, сени канчалык жамандашса да — Жараткандын астындагы баалуулугуңа эч ким таасирин тийгизе албастыгына ишен! Ал эми акча адамдын акылынан ойлоп табылып, колу менен жасалып чыгарын эч качан унутпа!"

Булак: insan.kg

Последние новости