www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийликтин идеясын колдогон “Биримдик” партиясы “Мекеним Кыргызстан” партиясынын үстүнөн электорат талашмай чырларды жасай баштагандай. Социалдык тармактарда колдонуучулар аталган эки партиянын тарапкерлеринин ортосунда чыр чыкканын жазышкан. Бирок партиялар бул маалыматты тастыкташкан жок. 20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда уруш чыгып, 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түшкөн. Алардын бирөөнүн абалы оор экени кабарланды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирген. Анын айтымында, жаңжалда беш машине талкаланган. Араван райондук милициясы окуя боюнча ишти Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн (жашы жете электер эки жыл алты айдан төрт жылга чейин, ал эми башка тараптар беш жылдан жети жыл алты айга чейин эркинен ажыратылат) негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү баштады.
Учурда мушташка катышкан 10 адам кармалып сурак берүүдө. Калган 12 киши ооруканада жаткандыктан суракка кийин чакырылат. Араван РИИБи тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгым эсептелүүдө.
«Мекеним Кыргызстан» партиясынын расмий билдирүүсүнө ылайык, 20-сентябрда партиянын талапкери Илхом Маннанов Араван районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жатканда чагымчыл топ жыйынды үзгүлтүккө учуратып, чатак чыгарган. Маалыматка караганда, жыйындагы чырдан кийин «Мекеним Кыргызстандын» бир нече тарапкери ооруканага жеткирилген. Алардын бири Ош аймактык ооруканасында оор абалда жатат.
Ал эми «Биримдик» партиясы бул окуя боюнча билдирүүсүндө чагым салгандар мыйзам алдында жооп бериши керек экенин белгиледи. Партия укук коргоо органдары жакын арада иликтөө жүргүзүп, окуядагы чагымга күнөөкөрлөрдүн тек-жайын аныктаарына ишенерин жазды.
Булак: NazarNews.kg