www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бегилүү журналист Бакыт Орунбековдун “Менин тагдырымдагы инсандар” китеби жарык көрдү. Автор өзү белгилегендей китепте кыргыздын советтик доорунда, демократиялык 30 жылдык эгемен жолунда эли үчүн, мамлекети үчүн эрдиктин, эмгектин, бекем саясий көз караштардын, илим-билимдин, маданияттын үлгүсүн көрсөткөн тарыхый улуу-кичүү инсандардын  жана үй-бүлөсү менен байланышкан  адамдардын (жалпы 24 каарман) бейнелери тартылат.

Журналист ар бир каармандын кыял-жоругун, баскан жолун, өтөгөн эмгегин, кандай билсе, кандай туйса ошого жараша жеке баамын жазат. Алардын портреттери эл арасындагы, коомдогу ар түркүн пикирлер, көз караштар менен шөкөттөлөт.

Бакыт Орунбеков “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери”, саясий илимдеринин кандидаты. Публицисттикалык, илимий-педогогикалык 8 китептип автору. Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун эки жолку лауреаты. “Ош-3000” медалынын ээси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости