www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда адамдын ички органдарын сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу “Polisia.kz” сайты билдирди.

Анын айтымында, Алматы, Жамбыл жана Түркстан облустарынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан 22 шектүү (уюштуруучулар, медицина кызматкерлери, нотариустар, кардарлар жана донорлор) кармалган.

"Кылмыштуу топтун мүчөлөрү кардарларды жана донорлорду издөө, жасалма документтерди даярдоо жана ички органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды уюштуруу менен алектенишкен. Эсептешүү суммасы 6-10 миллион теңгени (20 миң долларга жакын) түзгөн, мындай сегиз факты боюнча далил табылган. Ошондой эле, ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүлөрдөн үч негизги уюштуруучу акча, документтер, санариптик алып жүрүүчү жана башка буюм далилдери алынган», - деп айтылат маалыматта.

Өлкөнүн мыйзамына ылайык, адамдын органдарын жана ткандарын сатууга катуу тыюу салынган.

Учурда бул кылмыштуу топко карата Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси "Адамдын органдарын жана ткандарын күч менен же мыйзамсыз алуу" боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Айыпкердин мүлкү конфискацияланып, он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости