www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамдын ичегисинен вирустун 140 миң түрү табылды

Британиянын генетиктери адамдын ичегисиндеги вирустарды текшерүү боюнча ири изилдөөсүн жыйынтыктаганын «Известия» басылмасы кабарлады.

Ага ылайык, изилдөө жүргүзүү үчүн окумуштуулар дүйнөнүн ар кыл бурчунда жашаган адамдардан анализ алып, алардын 28 миңден ашык үлгүсүн текшерип чыгышкан. Жыйынтыгында адамдын ичегисинде вирустун 140 миңден көп түрү бар экени аныкталган.

«Илимпоздор ичегиден вирустун 142 809 түрүн табышкан. Анын жарымынан көбүн буга чейин кезиктиришкен эмес. Адистер бул вирустардын баарынын зыяны деле жок экенин эскертти», — деп айтылат маалыматта.

Окумуштуулардын ою боюнча, аныкталган вирустардын көбү адам үчүн кооптуу эмес. Анткени алар Зика жана SARS-CoV-2 вирустары сыяктуу коркунучтуу РНК-вирустарынан айырмаланып турушат.

Булак: NazarNews.kg
 

 

Последние новости