www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечеги Райымбек Матраимов акамды колдогон митингдин башында ЖК депутаты Тиллаев, белгилүү мушкер, дүйнө чемпиону Шайлоо Атазов болду. Кеп Матраимовдун коррупционер же таза, жаман же жакшы адам экендигинде эмес. Кеп Тиллаев менен Атазовдун Матраимов менен болгон жылуу мамилеси жасалма эмес экендигинде. Бул тууралуу пикирин Ернис Нурдин билдирди.
Бул эки адам, инсандык улуу касиеттин бийиктигин көрсөтүп, накта эркектик мүнөздөрүн далилдешти. Биздин билишибизче Райымбек Матраимовдун жакшылыгын көрбөгөн саясатчы чиновниктер калган эмес. Үйү жок саясатчыларга үй, жөө жүргөнүнө машина, камогу жокторго камок, кызматтан кыйшайганын колдоп-жөлөп турганын, коомчулукта кенен талкуу жаратып келет. Келген менен кечеги митингде, же соц.түйүндөрдө Матраимовду колдоп, эки ооз жылуу сөз айтып койбогонуна сырттагы адамдар ашатып сөгүп, ит экен деп жатышат. Матраимов боорукер же таш боор, жегич же ичкич экенин биз кайдан билебиз. Билгендер ошол Райымбек акамдын тыйын-тыпырын мактап алып жүргөндөр, - деди Ернис Нурдин.
Булак: NazarNews.kg