www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын дарыгерлери адамдын жакын арада каза табарын көзүн карап билүү мүмкүн экендигин айтып чыгышты. Бул тууралуу "Известия" жазды. 

"Окумуштуулар жүрөк кемтиги бар жана кареги кичирээк адамдар кареги чоңдорго караганда эки эсе көп каза болорун аныкташкан. Ошондой эле биринчи топтогулардын 50 пайызы ооруканага түшсө, экинчи группадагылардын 28 пайызы медициналык жайларга кайрылышкан", — деп айтылат маалыматта.

Адистин айтымында, каректин өлчөмү аркылуу бир гана жүрөк оорусу эмес, башка оорулар да байкалат. Андыктан көздөн көп нерсени байкоого болот.

Ошондой эле, жүрөк кемтиги менен дүйнө жүзү боюнча 25 миллион адам жабыркай турганы айтылат. Оору миокарддын иштеши бузулганда клетка аралык суюктуктар көбөйүп, орган менен ткандардын перфузиясы төмөндөгөндө келип чыгат. Анын курч жана өнөкөт түрү болот. Биринчиси жаракаттан, токсиндерден же жүрөктүн башка ооруларынан келип чыгып, убагында көңүл бөлбөсө бат эле өлүмгө кептейт. Экинчиси көп убакытта өрчүп, адам энтигип, шишип, алы кетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости