www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусундагы Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы Асылбек Сатывалдиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду. Район акими кызматтык милдетин толук аткарбагандыгы, ошондой эле Республикалык штабдын чечимдеринин аткарылышына көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн сөгүш алды.

"Бул кемчиликтердин арты Сокулук районунда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган медицина кызматкерлеринин компенсациялык төлөмдөрүнүн кармалышына алып келген", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Боронов медиктердин кошумча төлөмдөрүнүн кармалуусу боюнча кабардар болуп, ага жол бергендерге чара көрүүнү тапшырганы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости