www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста» деген учкул кеп бекеринен кылымдарды карыта айтылып келатпаганын экс-президент А. Атамбаевдин акыркы жасаган кадамдары дагы бир жолу далилдеп койду. «Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартты» демекчи, Конституцияга ылайык өзүнүн алты жылдык мөөнөтү аяктаган соң, эрдик кылып бийликти мыйзамдуу жол менен өткөрүп берди, бирок бийликтен кеткенден кийин дагы жаңыдан кызматына киришкен президенттин ишине кийлигишүү аракеттерин жасаганы – анын кадыр-баркын чагылгандай тездик менен жоготуп салды.

Эки жоо беттешсе, анын коркогу же коркок билиши бары биринчи кол сала турганы да эл арасында эзелтеден айтылып келет. Атамбаевди коркок деп айтуу кыйын, бирок коркок билиши бар экенин танууга болбойт. Ошондон уламбы, айтор ал бийлигин өткөрүп бергенден кийин 4 айга чукул убакыт коомчулуктун көзүнө көрүнбөй дымып жатканы менен, тымызын өзүнүн маалыматчылары аркылуу президент С. Жээнбековго каршы маалыматтык чабуулун баштап жиберди.

Мисалы, өзүнүн «мыкты вазири» Ф. Ниязовдун досуна тиешелүү АКИпресс маалымат агенттигине президент С. Жээнбековдун 8-февралда Коопсуздук кеңешинде коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча айткан билдирүүсүнө каяша жооп катары макала жарыялатты. Анысы өзү орусча жазылса деле, кыргыз тилиндеги макалаларды орус тилине оодарып оокат кылуучу «Гезиттер.org» сайтына да кайталап бастырышты. Анан «Мээси жок Мээрбек» атыккан Мискенбаевдин оозу менен президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылдырып чыкты. Балким, мунун баарын ал «Мен жасаган эмесмин» деп танып кетсе ишенет элек, эгерде өзү 31-мартта өткөргөн маалымат жыйынында ушунун баарын кайталабаганында. Ошол маалымат жыйынында ал «Мен президент С. Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция тууралуу айтканы менен макул эмесмин» деди. Анан дагы ЖК депутаты Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшыруусун талап кыла турганын да айтты.

Бирок, мыйзамда агасы президент болсо, иниси депутаттык мандатын тапшырышы керек деген норма жок экени белгилүү. Андыктан Атамбаев мыйзамсыз талап кылып жатканын айта кетели. Ага чейин эле ушул талапты Мискенбаев айтып чыккан. Демек, ал Атамбаевдин гана берген көрсөтмөсүн аткарганын коомчулук түшүндү. Президент С. Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча айткан билдирүүсүнө каршы жаслаган чабуулдар да Атамбаевдин көрсөтмөсү аркылуу болгонун түшүндүк. Ошентип өзүнүн маскасын өзү эле сыйрып берди.

Ал эми мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ушул күнгө чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине тескери пикир айта элек. Ал баардыгын мыйзамдын чегинде, элибиздин кызыкчылыгында жасоодо.

Атамбаев өзү биринчи чабуул жасады. Анан өзү ошол чабуулуна жараша коомчулуктан тумшукка жегендей жооп алды. Буга бир гана өзүн күнөөлөшү керек. Же ага ушундай жолду көрсөткөн кеп-кеңешчилерин күнөөлөсүн. Бийликти өткөрүп бергенден кийин, жаңы президенттин өз алдынча иштөөсүнө да мүмкүнчүлүк берип, ишине кийлигишпей жөн жүргөндө мындай абалда калбайт эле. Эми процесс башталып кетти. Бишкек ТЭЦи боюнча коррупциялык иштер тереңден иликтенишин эл да талап кылууда. Андан кийин «Датка-Кемин» подстанциясы, түндүк-түштүк альтернативалык жолунунун курулушундагы жана башка долбоорлордогу коррупциялык элементтер былгып чыгышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости