www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2018-жылдын 7-апрель күнү Өзбекстан Республикасынын чек ара кызматкери тарабынан аткан октон Кыргыз Республикасынын жараны Фархад Мырзакалыков окуя болгон жерде каза тапкан эле.
Учурда бул окуя тууралуу коомчулукта кызуу талкуу болуп, окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин тапшырмасы менен Акыйкатчы институнунун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү иликтөө баштаган.
Бүгүн, 9-апрелде биздин редакцияга окурманыбыз Адилет Балтабаев, маркум Фархад Ниязовду аткан өзбек чек арачынын түшүп калган тасманы жиберди.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Таалай Кожошевдин маалыматы боюнча, 2018-жылдын 7-апрель күнү эртең менен саат 7:30да Кербен шаарынын 34 жаштагы тургуну Фархад Мырзакалыков Өзбекстан Республикасында жашаган апасынын сиңдиси (тая эжеси) Дилорам Бекиеванын үйүнө барып, артка кайткан. Ал учун Ф.Мырзакалыков арыктан аттап барып (бул арык шарттуу түрдө кыргыз-өзбек чек арасы катары саналат), саат 8:10до кайра үйүнө жөнөп, Кыргызстандын аймагына өткөндө Өзбекстандын чек ара аскерлери жашынып турган жеринен артынан кууп келишип, бир аскери Кыргызстанга өтүп, Ф.Мырзакалыковду өздөрүнүн аймагына сүйрөйт. Ф.Мырзакалыков ал жакка өтпөй койгондо, Өзбекстандын чек арачысы Кыргызстандын аймагынан ок чыгарат. Ок Фархад Мырзакалыковдун башына (мурдуна) тийгендиктен ал ошол эле жерден каза болгон.
Өзбекстандын чек ара кызматкери Ф.Мырзакалыковдун сөөгүн Өзбекстандын аймагы тарапка сүйрөп бараткан жеринен эжеси Дилорам көрүп калып, элге жардам сурап кыйкырат. Кыргызстандын айылынан жумушка кетип бараткан эки адам жардамга келишет. Аларды да Өзбекстандын чек ара кызматкерлери “Кыймылдасаңар атам!” –деп коркуткан. Бул маалымат тууралуу КР Акыйкатчынын басма-сөз кызматы билдирди.
Булак: NazarNews.kg