www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукуловду кепке тартып, ал тууралуу айтылып жаткан терс пикирлер боюнча сүйлөштүк.

--Адил мырза, Рита Боркеева менен Ирина Карамушкинанын сиз тууралуу жазган дооматтары боюнча эмне дейсиз?

--Мен алардын Рита Борбукееванын, Ирина Карамушкинанын дооматтары  боюнча эч нерсе дегим келбейт. Анткени, бул жерде саясий маселе турат. Ошон үчүн жеке мамилеге өтүп, аларга бир нерсе дей албаймын. Мүмкүн буга буга чейин Атамбаевди жана анын балдарын сындап келгеним үчүн аларда кандайдыр бир терс пикир калыптангандыр. 

Негизи КСДПнын максаты саясий туткундарды бошотуу болуш керек эле. Ошол тармакта план, стратегия түзүп иш кылышыбыз зарыл  болчу. Планды жаза турган да, аткара турган дагы КСДПнын саясий кеңеши эле. Азыр болсо Атамбаевдин балдары КСДПнын саясий кеңеши менен макулдашпай эле эмне кааласа ошону жасап жатышат. Бирок, бул нерсе жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Айтайын дегеним, Атамбаевди колдогондор менен эле өзүнчө топ болгон туура эмес. Башка да саясий күчтөр менен сүйлөшүп, кенен коалиция түзүп, элди тартыш керек болчу. Бирок, андай маселелер артта калып, партияны бөлүп-жарып, биздикилер жана алар деп бөлө башташты. Чынында алардын мындай аракети туура эмес болуп калды.

--КСДПга кандай максат менен келдиңиз эле? 

--КСДПнын социалдык идеяларын ишке  ашырайын деген маскатта келгем. Бирок, аны баары таптакыр унутуп коюшту.  

--Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, сиз болуп, өзүңөрчө партия каттатып, шайлоого аттанып жаттасыңарбы?

--Андай деле оюбуз жок. Атамбаев 1992- жылы  түптөгөн партияда саясий кеңештин мүчөсүмүн. Ал эми Атамбаевдин балдары өз алдынча  партия түзгөнүн кечээ күнү эле уктум. Не үчүн түзгөнү бүдөмүк. Партиянын менден, Кундуз Жолдубаевадан же Асель Кодурановадан кызганып түзүштүбү, аны да билбейм. Жаңы партия түзөбү коёбу алардын иши деңизчи. Кандай болгон күндө да мен өз партиямда кала берем.  

Булак: NazarNews.org

Последние новости