www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокурлар коомунун каражатын жеп алган деп шектелген Жаркынбек Касымбеков Эл аралык медициналык университеттин (ЭМУ) алдындагы клиниканын башчысы болуп иштейт. Ал эми ЭМУну ырчы Роза Аманова жетектейт. Бул туралуу жарандык активист Адил Турдукулов социалдык түйүндөргө жарыялады.

Анын айтымында, 2015-жылдын ноябрында Башкы прокуратура Бишкек шаарынын тез жардам станциясынын мурунку башчысы Жаркынбек Касымбековго мыйзамсыз тендер өткөргөнү үчүн кылмыш ишин козгогондугун жарыялаган болчу. Анын тез жардам станциясынын кызматкерлерине атайын кийим тигүү үчүн Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коому менен 1,2 млн сомдук келишим түзгөндүгү, бирок, сокурлар коомуна эч ким акча бербегендиги аныкталган.

Турдукуловдун айтымында бул кылмыш иши токтоп калгандыктан, Башкы прокуратурага анын себептерин сурап кат менен кайрылган.

Касымбеков өзү Kaktus.Mediaга аталган ЖОЖдо башкы дарыгер болуп иштээрин тастыктаган. “Кылмыш ишинин токтогону калп. Азыр сот жүрүүдө” – деп билдирген ал.

Касымбеков 2015-жылы тез жардам станциясынын башчылыгынан чуулган менен бошогон. Расмий маалыматтарда ал февраль айында негизсиз өргүү алып, Дубайга эс алууга кетип калганы себеп болгон. Бирок, Касымбеков жумуштан алынышынын себебин саламаттык сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев менен каршылашып калгандыгы менен түшүндүрөт.

Эске салсак, Адил Турдукулов мурда Жаркынбек Касымбековдун күйөө баласы болгон, анын карындашы Чолпон Касымбекова менен 2007-жылдан 2014-жылга чейин чогуу жашаган. Мындан тышкары, Турдукулов менен Касымбеков 2005-2007-жылдары оппозицияда чогуу жүрүшкөн. Бирок, алардын достугу бат эле сууп, жаш активисттер ызы-чуу менен эки ача жолго кетишкен. Касымбеков мурда Адил Турдукуловду тыңчылык боюнча айыптап, чет элдик атайын кызматтар менен кызматташаарын, керек болсо укук коргоо органдарына далилдеп берүүгө даяр экендигин айтып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости