www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургдун Невск районунда жайгашкан мейманканада бир нече киши 22 жаштагы кызды зордуктап, андан соң терезеден ыргытып жиберишкен. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, бул факты боюнча Төргөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 3 беренеси — зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасоо жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Төргөө комитетинин божомолуна караганда, 4-августта 19-25 жаштардагы Өзбекстандын мас абалдагы 4 жараны «Белые ночи» мейманканасында 1993-жылы туулган өзбек кызды ур-токмокко алып, зордуктап жана сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасашкан. Андан соң, 3-кабаттагы бөлмөнүн терезесинен ыргытып жиберишкен. Жабырлануучу бир нече жаракат менен ооруканага жеткирилип, шектүүлөр камакка алынган.

Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости