www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Адил, эртең Бишкекте өтө турган Курултайга сунуш киргизипсин. Ал эске алынып, каралат деп ойлойсунбу?

- Эске алынат го деп ойлойм. Ишенгим келет. Конституцияга өзгөртүү жана курултай боюнча мындай сунуш киргизгем.

Биринчиден, Конституциябызды өзгөртүү жөнүндө талкуу башталышы керек! Менин сунушум – област, район деп жергиликтүү бийликти экиге бөлбөй, аларды 20га жакын аймакка кошуш керек. Анан аймактагы кеңештин укуктарын кеңейтип, аларга аймактын башчысын шайлоого толук укук берилиши керек. Ошол эле учурда республикалык деңгээлде Парламент эки палата болушу абзел. Астыңкы палата азыркыдай эле партиялык тизме менен шайланып, бирок азыраак депутаттардын саны менен. Ал эми үстүңкү палата болсо Курултай деп аталып, ротация түрүндө ошол мен айтып жаткан аймактын кеңештин сенаторлордун атынан түзүлүш керек. Ошондо биз партиялык диктатурадан арылып, жергиликтүү кызыкчылыктарын эсепке алууга жол ачабыз.

-Курултайда паспорттогу графада улуттун калышы боюнча да маселе бар. Буга кандай көз караштасың?

-Паспорт бул - мамлекеттин жүзү. Мамлекеттин бирден бир маанилүү атрибуту деп эсептейм, ошондуктан ал жерден улуттун графасы болушу шарт.

- Курултай боюнча оюн кандай? Неге катышпай атасың?

- Жанакы мен айткан сунуш туура келсе, курултай институтун колдойм, албетте. Мен буга чейинки жана эртеңки иш- чарага катышпаганымдын себеби мен Бишкекте эмесмин. Азыр АКШда жүрөм. Иш сапар менен кеткем.

- Ал жактан колдоо тапкан жоксуңбу? «Акчам болсо президенттик шайлоого талапкерлигимди коет элем» дегеңди бир жерден окуп калгам...

- Мен президенттик шайлоого сөзсүз катышам. Бул жылы болбосо, эмки жолкусунда ат салышам.

Кызгалдак Жакыпова

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости