www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент шайлоого чыккандардын арасынан Темир Сариевге бийлик тараптан жакында сыйыртмак ыргытылат экен деген кабар тарады. Эгер Темикеге сыйыртмак ыргытылып, кылмыш ишин ачышып, темир тор артына алабыз деген план бийлик тараптан ишке аша турган болсо, анда эле бул бийлик чоң нерсенин үстүнөн чыкканы.

Азыр Сариевдин салмагы оорлоп турган кезде кыйын абал накта ошондо жаралат. Сокулук солк этсе эле жалын дүрт этип кеткени туру. Андан да кызыгы Кремль Сариевге оң көзү менен карап турганы айтылууда. Мындан да кызыгы Кремль Сариевге оң көзү менен карап турганы айтылууда. Мындай лөк адамды камоо акылга сыйбай турган иш болот.

Сокулуктун мал базары — чоң базар эмеспи. Базарда соода кылуу гана эмес, баарлашуу көп болот. Өткөн базарда же тагыраагы 14-майда таң эртеден эл келип соода ачылганча саясат тууралуу кеп жүрүп, кимди президенттикке шайлайбыз деген сөз козголот. Ар ким ар кыл ойлорун, тиги-бу саясатчыларды колдоп, талашып тартышат.

Ошондо бирөөсү «эй, бу түштүк тараптан көчүп келгендер унчукпайт да, силер кимди шайлайт элеңер?» деген суроо узатат. Анда лейлектик бир аксакал «Биз Чүйдүн жерин иштетип, суусун ичип жатабыз, эгер Темир Сариев президенттикке ат салышса ошону колдойбуз. Түштүктөгү туугандарды да ошого чакырабыз, бирок силер эле өз кулунуңарды колдобой, СДПК тарапка ооп кетпесеңер болгону» деп сөзүн жыйынтыктайт. Мындай пикир жаралып жаткан соң Сариевге сыйыртмак салынаар замат Сокулук солк этээри турган кеп.

Булак: “Жаңы Ордо”

Последние новости