www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Эх, кыялымдагы айымдар!” бул рубрика мындан ары биздин сайтта ар дайым орун алат. Себеби, шоу бизнес чөйрөсүндө жүргөн мырзалардын көпчүлүгү романтик жана кыялданганды абдан жакшы көрүшөт. Рубрикабыздын эң алгачкы коногу  кыргыз элинин сыймыгы, “Евразия жылдызы” аталган, таланттуу ырчы мырза Гүлжигит Калыковду бул ирет редакциябызга конокко чакырып, өзүнүн өңүндө да, түшүндө да оюна келбеген “Төмөндөгү белгилүү айымдардын жолдошу болуп калсаң, кандай күйөө болуп берет элең” деген суроону узатып, бир топ убакытка кыялданттык. Жооп узатып жатып Гүлжигит абдан таң калып, ойлонуп, бирде күлүп маанайды көтөрө төмөндөгү жоопторду узатты. Анда көңүл буруңуз!

Эгерде Жессика Альба менин жубайым болсо, мен ойлойм экөөбүздөн жакшы тандэм чыкмак... Бирок, менин жубайым болуп калаарына тап такыр көзүм жетпей турат. Анткени, ал чет өлкөлүк тасмаларда роль жаратып, биздин менталитетке туура келбеген нерселерди жасап коюшу мүмкүн. Алардын талаптары башкача болгондуктан, мага жакпаган сунуштар ага түшүшү мүмкүн. Эми жашоодо ар кандай кырдаалдар болуп калат. Анын чыгармачылыгын сыйласам чогуу кино тасмаларга тартылмакмын... Себеби ырчыдан мурда аны актриса катары сыйлайм. Бул айымдын сулуулугуна, фигурасына, талантына, ашык болгон мырзалар четтен чыгат. Экөөбүз баш кошкон күндөн тарта эле аны Кыргызстанга алып келип, ушул жерде эле ынтымактуу жашап, балким мыкты дуэттерди жаздырып, оригиналдуу клиптерди тарттырып, Кыргызстандын маданиятын дүйнөгө таанытмакпыз.

Өзгөчө таланттуу орусиялык ырчы кыз Ньюша менин жубайым болуп калса, анда ал мага жагымдуу үнү менен ырдап мени төбөмдү көккө жеткирмек. Бирок, экөөбүз тең ырчы болуп, гастролго чыгып кетип калсак туура эмес болмок. Чыныгы жашоомдо Ньюша экөөбүздүн ортобузда сүйүү бар болсо, анда ойлонуп көрмөкмүн... Анткени, ал христиан, мен болсо мусулманмын. Эгер ал мусулманчылыкты кабыл алам десе, менин шарттарыма макул болуп үйлөнүп кала турган болсок, баш кошкон күндөн тарта Ньюшага биздин каада-салттарыбыз менен тааныштырып, үйдө жалаң гана кыргызча сүйлөшмөкпүз. Себеби, балдарым чыныгы кыргыз болушу керек. Анан да коңшу Орусия мамлекетине бат-баттан каттап турмакмын.

Хадисе менин жубайым болсо бах чиркин... Ырчы, актриса, модель кылмакмын... Анткени бул айымда бардык нерсе бар. Үйдө мен үчүн гана ырдап, балдарымды бакмак. Анан биринчи кезекте кыргыз ашканасын, кыргыз элинин каада салттарын үйрөтмөкмүн. Өзүмдүн түбүм Ат-Башыдан болгондуктан, күндө эт салып, беш бармакты көп жасатмакмын. Хадисе түрк элин дүйнөгө таанытса, мен Кыргызстанды дүйнө жүзүнө таанытып жүрө берээ элек. Ширин Айтматова жубайым болсо, биринчи кезекте улуу жазуучубуз, өзгөчө таланттуу Чынгыз Айтматов атабыздын күйөө баласы болдум деп сүйүнмөкмүн. Анан да Ширин айым менден бир топ жашка улуу. Ортодогу жаш айырмачылыгыбыз көп нерсеге тоскоол болмок. Биздин оюбуз, максатыбыз бир багытта болмок эмес. Бирок, акырындык менен жубайымды колдоп, мен да саясатка көз салып турмак болушум керек. Өзүм анча саясатка аралаша бергим келбейт. Ошондуктан, жубайымдын ишине кийлигишпей өзүнө жаккан иши менен алек болушун айтмакмын.

Бирок мен, чыныгы патриот катары башка улуттун кыздарынын сырткы келбетине, сулуулугу тууралуу кыялданганым менен баары бир жүрөгүм кыргыз кызы деп согот. Мейли ашкан сулуу, таланттуу, акылдуу болбосун мага эң биринчи сүйүктүү жар, бактылуу эне болсо ыраазымын. Мен бала чагымда доктур болууну абдан кыялданчу элем. Анткени, абдан тазалыкты сүйчүмүн. Менин жубайым абдан таза, чырайлуу, билимдүү, чыгармачыл чөйрөдөн алыс, менин жакын адамдарымды сыйлап турган, адамгерчиликтүү, жөнөкөй болсо деп көп кыялдангам. Кудай буюруп, кыялымдагы сулууга жолугуп, жубайым Айпериге баш коштум. Мен бактылуумун!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости